Россия Беларус аскерлерин ракеталык системалар боюнча машыктырууда
Россиянын Коргоо министрлиги беларустук аскерлерге берилген «Искандер-М» жогорку тактыктагы ракеталык системалар боюнча машыгуунун уланып жатканын билдирди.
Россиянын Коргоо министрлиги беларустук аскерлерге берилген «Искандер-М» жогорку тактыктагы ракеталык системалар боюнча машыгуунун уланып жатканын билдирди.
Министрликтен берилген маалыматта Беларус аскерлеринин Россиянын Түштүк Аскердик округуна таандык полигондо «Искандер - М» жогорку тактыктагы ракеталык системаларын колдонуу боюнча машыктырылгандыгы белгиленди.
Маалыматта ракета системасынын жагаштырылышы, ракеталардын учурулушу тууралуу жөндөмдүүлүктөрдүн өнүктүрүлгөндүгү билдирилди.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу 4-апрелдеги билдирүүсүндө, Беларустун куралдуу күчтөрүнө «Искандер - М» жогорку тактыктагы ракеталык системалардын жеткирилгенин белгилеп : «Бул система өзөктүк ракеталарды да колдоно алат. Беларус аскерлери 3-апрелде орус полигонунда аны колдонуу боюнча машыгууларды баштады»,- деп билдирген.
Россияны президенти Владимир Путин өткөн айда Беларуска тактикалык өзөктүк курал жайгаштырышарын маалымдаган.
Путин Беларуска мурда жеткирилген "Искандер" жогорку тактыктагы ракеталык системаларынын жогоруда айтылган курал менен жабдыларын белгилеген.