Швеция 5 орус дипломатын депортациялоо чечимин чыгарды

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Россиянын Стокгольмдогу элчилигинен 5 дипломатты депортациялоо чечимин чыгаргандарын жарыялады.

1979380
Швеция 5 орус дипломатын депортациялоо чечимин чыгарды

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Россиянын Стокгольмдогу элчилигинен 5 дипломатты депортациялоо чечимин чыгаргандарын жарыялады.

Мамлекеттик телекөрсөтүү SVTге билдирүү жасаган Биллстрем Россиянын Стокгольмдогу элчиси Виктор Татаринцевди Тышкы иштер министрлигине чакырып, 5 орус дипломаттын дипломатиялык карым – катнаштарга байланыштуу Вена конвенциясына каршы иш кылганы үчүн өлкөдөн чыгып кетүүлөрү керектигин айтанын билдирди.

Швеция Улуттук Чалгындоо агенттиги SEPO 21-апрелде жасаган билдирүүсүндө  Швецияда иштеген үч орус кызматкерден бирөөсүнүн орус чалгындоосу үчүн иштегенин жана Швеция үчүн коркунуч экенин эскерткен.

Бир тараптан Дания, Норвегия, Швеция жана Финляндиянын мамлекеттик телекөрсөтүүлөрү 19 - апрелде Россиянын Түндүк деңизиндеги шамал турбиналары, газ түтүктөрү, электр жана интернет кабелдерин саботаж кылууга даярданып жатканын айтышкан.

Мамлекеттик телекөрсөтүүлөрдүн биргелешкен изилдөөлөрүнүн натыйжасында Россиянын Түндүк деңизинде балыкчы  жана изилдөө кемелери катары жашыруун   флотунун бар экендиги билдирилген.

Даниянын тышкы иштер министри Анникен Хуйтфельдт да 14-апрелде Россиянын Ослодогу элчилигинин 15 дипломаты чыгарыла турганын маалымдаган.

Анникен Хуйтфельдт  Москванын элчилерин "жашыруун чалгындоо иштерди" жүргүзүү үчүн колдонуусуна уруксат бербей тургандарын белгилеген.

 



Тектеш кабарлар