Россия : "Украинанын кол салуулары дан келишимин коркунучка салууда"

Россиянын коргоо министрлиги Украинанын Севастополдо капитансыз деңиз унаалары  менен орус Кара деңиз флотуна карата кол салуусунун кепилдиктерди бузгандыгын жана Кара деңиз дан келишиминин узартылышын коркунучка салгандыгын жарыялады.

1979194
Россия : "Украинанын кол салуулары дан келишимин коркунучка салууда"

Россиянын коргоо министрлиги Украинанын Севастополдо капитансыз деңиз унаалары  менен орус Кара деңиз флотуна карата кол салуусунун кепилдиктерди бузгандыгын жана Кара деңиз дан келишиминин узартылышын коркунучка салгандыгын жарыялады.

Минисрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Украинанын өткөн жылы октябрь айында капитансыз деңиз унаасы менен Кара деңиз флотунун кемелерине жана жарандык кемелерге «террордук кол салуу» жасагандыктан Россиянын Украина портторунан дан продукцияларынын чыгышына байланыштуу келишимди токтоткондугу эске салынды.

Билдирүүдө : «Бир гана Түркиянын кепилдиктери жана Украинанын портторун жана гуманитрадык коридорду Россияга каршы аскердик кыймылдарда колдонбоо тууралуу жазуу түрүндө убадаларынын негизинде бул келишим жаңыланды»,- деп айтылды.

Бул жылы 23 -  март жана 24 -  апрелде Украинанын учурдагы кепилдиктерди  бузуп орус Кара деңиз флотунун Севастополдогу базасына жана Крымдагы жарандык структурага капитансыз деңиз унаасы менен кайра кайра жасалган кол салууларды ишке ашыргандыгы белгиленген маалыматта : «Украина капитансыз деңиз унааларынын багытынын анализи, бул кемелердин  Кара деңиз демилгесин ишке ашыруу үчүн аныкталган Одесса портунун аймагынан чыккандыгын көрсөттү. Алар Украина портторунда  айыл чарба продукциялары чыгарылган  жана гуманитардык жардам аянтына жайгашышты. Киев режиминин террордук кыймылдары  18-майдан кийин Дан келишиминин кайра узартылышын коркунучка салууда»,- деп айтылды.

Россиянын Коргоо министрлигинин катчысы Игорь Конашенков Москва убактысы боюнча кечээ кечинде саат 03:30да Украина армиясынын Севастополдо Кара деңиз флоту жайгашкан базага 3 капитансыз кеменин кол салгандыгын жана бул кемелердин жардырылгандыгын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар