БУУ : Судандагы кагылышуу миллиондогон кишини ачарчылыкка түртүшү мүмкүн
"Судандагы зомбулуктун миллиондогон адамдарды ачарчылыкка жетелөө потенциалына ээ".
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы зомбулуктун миллиондогон адамды ачарчылыкка түртүшү мүмкүн деп эскертти.
Баш кеңсеси Римде болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, учурда калкынын үчтөн бири кагылышуулардан улам жетиштүү тамак-аш таба албай кыйналып жаткан Судандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын иштерин токтотууга аргасыз болгондугу эске салынып : "Судандагы зомбулуктун миллиондогон адамдарды ачарчылыкка жетелөө потенциалына ээ",- деп айтылды.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2023 - жылы Суданда 7,6 миллион кишини колдоону пландагандыгын бирок улантылып жаткан кагылышуунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өзгөчө кырдаалда азык-түлүк жеткирүүсүнө, балдарды мектепте тамак-аш менен камсыз кылууда жана жетишсиз тамактануу менен күрөшүүгө тоскоол болгондугу белгиленди.