Йеменде акчалай жардам таратуу учурундагы тыгында 78 киши каза болду

Йеменде хусилер көзөмөлдөгөн Сана шаарында акчалай жардам таратуу учурундагы тыгында 78 киши каза болуп, 150дөн ашуун киши жараланды.

1977417

Орозо айтын алдында Санадагы айрым ишкерлер кайрымдуулук үчүн акча таратууну каалады. Бирок акча бөлүштүрүү учурунда  ызы-чуу чыгып, 78 адам каза болуп, 150дөн ашуун адам жараланды.

Санадагы Ички иштер министрлигинин катчысы Абдулхалик  ел  - Ажери бул жардам таратуу ишинин Ички иштер министрлиги менен координациялуу жүргүзүлбөгөндүгүн, ушул себептен эки  ишкердин камакка алынгандыгын айтты.

Санадагы коопсуздук күчтөрүнүн  аймакка баргандыгын белгилеген Ажери окуя тууралуу териштирүүнүн башталгандыгын белгиледи. 

Тектеш кабарлар