АКШда биринчи жолу Орозо айт майрамы расмий майрам деп жарыяланды

Мичиган штатынын Дирборн шаарында мусулмандар Орозо айттын биринчи күнүн майрам катары өткөрүшөт.

1977538
АКШда биринчи жолу Орозо айт майрамы расмий  майрам деп жарыяланды

АКШда биринчи жолу бир муниципалитет Орозо айт майрамын расмий майрам деп жарыялады.

Мичиган штатынын Дирборн шаарында мусулмандар Орозо айттын биринчи күнүн майрам катары өткөрүшөт.

Дирборн шаарынын мэри Абдуллах Хаммуд жергиликтүү маалымат каражаттарына : "Бир муниципалитет Орозо айт майрамын биринчи жолу майрам деп жарыялады жана сиздин ишеничиңиз да  башкалар сыяктуу расмий түрдө таанылды. Менимче, бул чоң мааниге ээ",- деди.

2021-жылы шайланган жана Дирборндун биринчи мусулман мэри болгон Ливан тектүү Хаммуд мусулман коомчулугунун бул майрамда биринчи жолу «туулуп - өскөн бул шаардын бир бөлүгү экенин сезе тургандыгын» айтты.

Чыгарылган чечим менен АКШда биринчи жолу бир муниципалитеттин бардык кызматкерлери Орозо айт майрамынын биринчи күнү эс алып, 21 -  апрель жума күнү шаарда муниципалитет имараты менен бирге сот жана китепканалар сыяктуу расмий мекемелердин да жабык болору белгиленди. Андан тышкары майрамдын экинчи күнү Дирборн муниципалитетинин колдоосунда акысыз Орозо айт майрамына карата фестиваль өткөрүлөрү жарыяланды.

Дирборн АКШдагы  мусулман калкы эң көп шаар катары белгилүү жана анын 110 миңге жакын калкынын жарымына жакыны араб тектүүлөрү экени белгилүү.

Орозо айт майрамы АКШда жыл өткөн сайын дагы көбүрөөк кабыл алынып, Нью  -  Йорк жана Нью  -  Жерси сыяктуу мусулмандар көп жашаган айрым штаттарда майрамдын биринчи күнү мектептер жабылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы да майрамдын биринчи күнү жабык болот.

 



Тектеш кабарлар