Тунисте мигранттарды ташыган кеме чөктү
Тунистин түштүк жээгинде тмыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин оодарылышы менен 15 киши каза болуп, 4 киши куткарылды.
Тунистин түштүк жээгинде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин оодарылышы менен 15 киши каза болуп, 4 киши куткарылды.
Тунис Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз катчысы Хусамеддин аль-Жабабли социалдык медиа эсебинен чөккөн кеме тууралуу маалымат берди.
Жебабли өлкөнүн түштүк тарабындагы Сфакс шаарында жана Керкана аралына жакын жерде балык уулаган бир кайыкчынын чөгүп бараткан кемени көргөндүгүн, 4 мыйзамсыз мигранттын деңиз коопсуздук топтору тарабынан куткарылганын билдирди.
Жебабли жоголгон 15 иммигрант үчүн издөө-куткаруу иштеринин уланып жаткандыгын айтты.
Тунис Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн 7-апрелдеги билдирүүсүндө, 1-январдан 31-мартка чейин Тунис аймагында жүргүзүлгөн операцияларда 900гө жакын мыйзамсыз миграция аракетине бөгөт коюлганын жана Африка өлкөлөрүнөн 27 миңден ашуун мыйзамсыз мигранттын кармалганын маалымдаган.