Кытайда ооруканада өрт чыгып 29 адам каза болду

Кытайдын борбор шаары Пекинде жеке менчик оорукананын стационардык бөлүмүндө чыккан өрттөн каза болгондордун саны 29га жетти.

1976922
Кытайда ооруканада өрт чыгып 29 адам каза болду

Кытайдын борбор шаары Пекинде жеке менчик оорукананын стационардык бөлүмүндө чыккан өрттөн каза болгондордун саны 29га жетти.

Beijing Daily гезитинин кабарына караганда, жетекчилер Финтай районундагы Пекин Чанфинг ооруканасында чыккан өрттө дагы 8 адамдын каза болгондугун билдирди.

Алгачкы аныктамалар боюнча 21 адам каза болгон   өрттө каза болгондордун саны 29га жетти. 

Өрт чыккан оорукананын имаратынын чыгыш канаты жабылып, амбулатордук кызматтар үзгүлтүккө учурады. Мындан тышкары, оорукана караштуу болгон компаниянын биржадагы акциялары токтотулду. 

Кечээ чыккан өрт кырсыгынан кийин 71 бейтап куткарылып, эвакуацияланды.

Өрт чыккан учурунда түтүн каптаган  оорукана имаратынын терезелеринен шейшеп менен  имараттын дубалына чейин жеткен тепкичтерге жетүүгө аракет кылган адамдардын сүрөттөрү социалдык медиада орун алды.

Өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз болуп, окуя тууралуу териштирүү иши улантылууда. 

 



Тектеш кабарлар