Судандык HDK тарабынан АКШнын ок атышпоо чакырыгы кабыл алынды

Жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) командири Мухаммед Хамдан Дагалу, АКШнын  мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин 24 сааттык ок ​​атышпоо сунушун кабыл алгандарын жарыялады.

1976620
Судандык HDK тарабынан АКШнын ок атышпоо чакырыгы кабыл алынды

Суданда армия менен кагылышкан жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) командири Мухаммед Хамдан Дагалу, АКШнын  мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин 24 сааттык ок ​​атышпоо сунушун кабыл алгандарын жарыялады.

Дагалу Твиттер баракчасынан билдирүүсүндө, «АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен менен жолугушуудан жана башка дос өлкөлөрдүн убактылуу ок атышууну токтотууга чакыруусунан кийин жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) жарандардын коопсуз өтүшүн жана жарадарларды эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн 24 сааттык ок ​​атышпоону жактырарын ырастайт», деген сөздү колдонгон.

Судандын куралдуу күчтөрү ок атышпоо чакырыгына баш ийбегенин айткан Дагалу: «Аскер адамдар жыш жайгашкан аймактарды абадан бомбалап, карапайым калктын өмүрүнө коркунуч туудурду. Бул аракеттер эл аралык жана гуманитардык укуктун негиздерин жана принциптерин ачыктан-ачык бузуу болуп саналат»,-деди.

Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик департаментинен жасалган билдирүүдө, Блинкен кечээ Судандын куралдуу күчтөрүнүн командири, генерал Абдулфеттах ел-Бурхан жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командири генерал Мухаммед Хамдан Дагалу менен өз-өзүнчө сүйлөшкөнү маалымдалды.

Билдирүүдө, «Министр Блинкен согуштан жапа чеккендерге гуманитардык жардам жеткирүү, судандык үй-бүлөлөрдү бириктирүү жана эл аралык коомчулуктун Хартумда болушуна кепилдик берүү үчүн ок атышууну токтотууга жетишүүнүн актуалдуулугун баса белгиледи»,делди.

Билдирүүдө Блинкен эки генералдын жарандардын, дипломатиялык кызматкерлердин жана гуманитардык кызматкерлердин коопсуздугун жана бакубатчылыгын камсыз кылуу жоопкерчилигин баса белгилегени белгиленди.

15-апрель күнү эртең менен Судандын борбору Хартумда жана ар кайсы шаарларда армия менен HDK жарым аскерлештирилген күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуулар болду. Соңку бир нече айдагы армия менен HDK ортосундагы «кайым айтышуулар» катуу кагылышууга айланды.

Судандын Тышкы иштер министрлиги, Эгемендик кеңешинин төрагасы жана армиянын командири генерал Абдулфеттах аль-Бурхандын армия менен кагылышкан HDKны жоюуга жана мамлекетке каршы козголоңчу күч жарыялоого чечим чыгарганын жана ошонун негизинде аракет кылышарын жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Судандагы атайын өкүлү Фолкер Пертес, Судандагы кагылышууда каза болгондордун саны 185ке жеткенин, 1800дөн ашуун жайкын тургун жана аскер жараланганын жарыялады.



Тектеш кабарлар