Судан армиясынын билдирүүсү

Судан армиясынын командири генерал Абдулфеттах ел-Бурхан CNN телеканалына берген маалыматында эл аралык коомчулуктун чакырыктарына жооп иретинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн баштап ок атышпоо келишимин 24 саат бою сактай тургандарын айтты.

1976677
Судан армиясынын билдирүүсү

 

Судан армиясы эл аралык тараптар сунуштаган 24 сааттык ок ​​атышпоо чакырыгын саат 18.00дөн тарта аткара турганын жарыялады.

Судан армиясынын командири генерал Абдул Фаттах аль-Бурхан CNN телеканалына берген маалыматында эл аралык коомчулуктун чакырыктарына жооп иретинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн баштап ок атышпоо келишимин 24 саат бою сактай тургандарын айтты.

Судан армиясынын басма сөз катчысы Набил Абдулла, Суданда 15-апрелден бери болуп жаткан окуялардын саясий пикир келишпестик эмес, өкмөттү басып алууну көздөгөн «төңкөрүш аракети» болгонун белгиледи.

Бул тууралуу Судан армиясынын өкүлү Набил Абдулла мамлекеттик телеканалга билдирип: «Бул балээ борбор жана облустардагы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) күчтөрүн мобилизациялоодон жана анын жетекчилигинин өлкөнүн ичинде жана сыртында шектүү аракеттеринен башталды. Ишемби күнү эртең мененки саат тогузда козголоңчу кошуундар борбор калаанын Эркевит районундагы Спорттук шаар комплексинин айланасында биздин күчтөргө кысым көрсөтүштү. Бир эле убакта түндүктөгү Мерави аэропортто биздин күчтөргө кол салды»,-деп айткан болчу.

«Бул окуялар саясий пикир келишпестикти эмес, бийликти басып алууну көздөгөн төңкөрүш аракети», - деп айткан Абдулла сөзүн мындай улады: «Ошол күнү да бул күчтөр өлкөдөгү бардык аскерий объектилерди, анын ичинде борбордогу армиянын башкы командачылыгын басып алууга аракет кылышкан. Азыр алардын баары биздин көзөмөлүбүздө. Бул биринчи ийгиликтүү этап болчу. Ошол этапта HDK мүчөлөрүнүн көбү биздин аскер бөлүктөрүбүзгө багынып беришкен..

Кечээки кагылышуулар армиянын штаб-квартирасы жана аэропорттун алкагында гана болду. Жарандарыбыз жабыркабасын, карапайым калк каза болбосун деп операцияларды кеңейтүүнү каалаган жокпуз. Азыр козголоңчу күчтөр борбордон качууга аракет кылып жатышат. Биз аларды кууп, операцияларды кеңейтүү менен экинчи этапка өтөбүз».

Абдулла HDK мүчөлөрүнө кайрылып: «Силердин Судандын уулдары экениңерди билебиз. Өлкөнүн өз уулдарынын бири-бирине мылтык кезөөсү эч кимге пайда алып келбейт. Биз аларды бул кутумга аралашууну токтотуп, багынып берүүгө чакырабыз.

Алар Судандын коопсуздук жана аскерий түзүмүнүн бир бөлүгү болгусу келсе, куралдуу күчтөргө кошулушу керек. Алардын бул пландын жана өлкөнүн кызыкчылыгына эч кандай тиешеси жок жеке пландардын бир бөлүгү болушун каалабайбыз»,-деди.

Бир тараптан армиянын билдирүүсүндө, Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы жана армия командири генерал Абдул Фаттах аль-Бурхандын HDK «согушкерлеринин» офицер жана аскерлеринин арасында курал таштагандарды кечирген жарлыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар