Иран : Израилдин Иранга каршы кичинекей да болсо бираракети Тель Авив жана Хайфанын кулашына жол ач

Реиси борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн Армия күнүнө арналган парадда сүйлөгөн сөзүндө Иран армиясын «революцияга каршы элементтерге, такфирчи топторго жана душмандарга каршы күчтүү бир тоскоолдук» деп мүнөздөдү.

1976690
Иран : Израилдин Иранга каршы кичинекей да болсо бираракети  Тель Авив жана Хайфанын кулашына жол ач

Ирандын президенти Ибрахим Реиси Израилдин өлкөсүнүн коопсуздугуна каршы жасаган эң кичине бир кыймылынын Хайфа жана Тель-Авивдин кулашына алып келерин айтты.

Президент Реиси борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн Армия күнүнө арналган парадда сүйлөгөн сөзүндө Иран армиясын «революцияга каршы элементтерге, такфирчи топторго жана душмандарга каршы күчтүү бир тоскоолдук» деп мүнөздөдү.

АКШ башта болгон аймак тышындагы күчтөрдүн Жакынкы Чыгышта туруксуздукка жол ачкандыгын жана бул күчтөрдүн аймактан эртерээк чыгып кетиши керектигин айткан Реиси Иран куралдуу күчтөрүнүн аймакта болушу коопсуздукка салым кошкондугун жактады.

Өлкөсүнө карата Израиль башкаруусунан келген кол салуу коркутууларына токтолгон Реиси буларды айтты : «Башта сионист режим жана башка душмандар өлкөгө каршы кичинекей бир кыймылдын Иран куралдуу күчтөрүнүн катуу каршылыгы менен жыйынтыкталарын жана мунун Хайфа менен Тель – Авив шаарларынын кулашы менен жыйынтыкталары тууралуу кабарды алышты».



Тектеш кабарлар