Украина менен Орусия туткундарды алмаштырды

Украинанын Убактылуу оккупацияланган аймактарды реинтеграциялоо министрлиги Орусия менен дагы бир толук камтылган туткун алмашуу болгонун билдирди.

1975573
Украина менен Орусия туткундарды алмаштырды

Украинанын Убактылуу оккупацияланган аймактарды реинтеграциялоо министрлиги Орусия менен дагы бир толук камтылган туткун алмашуу болгонун жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, орус туткунунан 130 адам, анын 128и жоокер жана Мамлекеттик атайын транспорт кызматынын 2 өкүлү куткарылганы маалымдалды.

Украинанын Улуттук маалымат бюросунун боштондукка чыккан аскерлердин кийим-кече, бут кийим, гигиеналык каражаттар жана телефон сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыздаганы белгиленген билдирүүдө, туткун алмашуунун Министрликтин аппараты Украина президенттиги, Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгы жана Украинанын Коопсуздук кызматы менен кызматташтыкта ​​жүргүзүлгөнү белгиленди.

Москва бул тууралуу эч кандай билдирүү жасабаганы менен, жалданма күч Вагнер 100гө жакын украиналык туткунду бошотконун жарыялады.



Тектеш кабарлар