Малидеги кол салууларда 7 киши каза болду
Малинин түштүк жана ички аймактарында болгон террордук кол салууларда 7 киши каза болду.
1974723
Малинин түштүк жана ички аймактарында болгон террордук кол салууларда 7 киши каза болду.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, белгисиз куралчан адамдар Буркина-Фасо чек арасына жакын Сикассо аймагындагы Херемаконо чек ара бекетине кол салышкан.
Окуяда ганалык айдоочу менен полиция кызматкери каза болуп, 3 адам жарадар болгон.
Өлкөнүн ички аймактарында жайгашкан Мопти аймагындагы Банкас районундагы Джан-Ойкоро айылына белгисиз адамдар кол салышкан.
Кол салууда 5 киши каза болду.