НАТО Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун айыптады

Дилан Уайт Түндүк Кореянын өткөн жылдан бери рекорддук сандагы баллистикалык ракета учурганын айтты.

1974580
НАТО Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун айыптады

НАТО Түндүк Кореянын Япон деңизинде ишке ашырган континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосун айыптады.

НАТОнун басма сөз катчысынын орун басары Дилан Уайт, Түндүк Кореянын алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракета сыноосунун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузуу дегенди билдирерин баса белгиледи.

Түндүк Кореянын өткөн жылдан бери рекорддук сандагы баллистикалык ракета учурганын айткан Уайт: "Пхеньяндын бул провокациялары аймактык эл аралык коопсуздукка зыян келтирет. Түндүк Корея бул мамилесин токтотуп, мыйзамсыз өзөктүк жана баллистикалык ракета программасынан баш тартышы жана жакшы ниет менен дипломатияга жол бериши керек",-деди.

Дилан Уайт НАТОнун өз өнөктөштөрү Япония, Түштүк Корея, Австралия жана Жаңы Зеландия менен бекем тилектештикте экенин билдирди.

Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын эртең менен баллистикалык ракета сынаганын жарыялап, Япон деңизи багытында учурулган континенттер аралык баллистикалык ракетанын жаңы типтеги курал системасы болушу мүмкүн экени айтылган. 



Тектеш кабарлар