Ирандан Талибан башкаруучулугуна чакырык ташталды

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, Иран, Орусия, Кытай жана Пакистандын тышкы иштер министрлери Өзбекстандын Самарканд шаарында Ооганстан боюнча төрт тараптуу жыйынга чогулду.

1974570
Ирандан Талибан башкаруучулугуна чакырык ташталды

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Ооганстандагы Талибан башкаруусунан өлкөдөгү бардык топтордун катышуусун камтыган өкмөт түзүү убадасын аткарышын күтүшкөндөрүн айтты.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, Иран, Орусия, Кытай жана Пакистандын тышкы иштер министрлери Өзбекстандын Самарканд шаарында Ооганстан боюнча төрт тараптуу жыйынга чогулду.

Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян жыйындын алкагында сөз сүйлөп, Ооганстан үчүн коңшу 4 өлкөнүн орток аймактык кызматташуу моделин маанилүү экенин айтып: «Биз Иран, Пакистан, Орусия жана Кытайдын ортосундагы төрт тараптуу сүйлөшүүлөрдө тынчсызданууларыбызды жана Ооганстандагы учурдагы кырдаалды талкууладык»,-деди.

Жыйналышта аймактагы терроризм жана экстремизмге байланыштуу тынчсыздануу жана Ооганстанда терроризм менен коопсуздуктун көбөйүшү Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) бул өлкөдөгү саясаттарынын натыйжасы экенине көңүл бурушканын белгилеген Абдуллахиян, Ооганстандын бүгүнкү абалынан бул өлкөнү 20 жылдай басып алуусу астында кармаган АКШ жооптуу экенин айтты.

Иран министри Ооганстандан чыккан баңгизат контрабандасынын да маанилүү көйгөй экенин жана баңгизат маселеси АКШнын басып алуусунда чечилбегенин, бирок бул өлкөдө баңгизат өстүрүү жана контрабанда өтө олуттуу түрдө өскөндүгүн айтты.

Ооганстанда барган сайын оор турмуш шарттары жана аялдардын билим алуу укуктарынын чектелиши аларды тынчсыздандырганын белгилеген Абдуллахиян, өлкөсүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун жардамы жана кубаттоосу менен бул маселеге колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Абдуллахиян Талибан администрациясына «коңшулары менен орток чек аралардагы чыңалууну токтотууга» чакырышканын белгилеп: «Ооган башкаруучулугуна биздин катуу сунушубуз - өлкөнүн бардык катмарларынын катышуусу менен инклюзивдик өкмөт түзүү боюнча убадасын аткаруусу»,-деди.



Тектеш кабарлар