Францияда жарылуудан улам кыйраган имаратта каза болгондордун саны 8ге жетти
Каза болгондордун саны 8ге жетип, каза болгондордун күбөлүктөрүнүн аныкталгандыгы билдирилди.
Франциянын Марсель шаарында 8-апрелден 9-апрелге караган түнү болгон жарылуудан кийин кыйраган имаратта каза болгондордун саны 8ге жетти.
Францияда жергиликтүү жана аймактык радиостанциялар желеси France Bleuнун кабарына караганда Марсель прокуратурасынын жазуу түрүндөгү жарыясында урандылардын астында калган акыркы 2 кишинин жансыз денеси чыгарылды.
Каза болгондордун саны 8ге жетип, каза болгондордун күбөлүктөрүнүн аныкталгандыгы билдирилди.
Марсель шаарынын Тиволи районунда 8-апрелден 9-апрелге караган түнү болгон жардыруудан кийин 5 кабаттуу имарат кыйрап, алгачкы маалыматтарга караганда 33 киши жаракат алган.
Коопсуздук максатында айланадагы имараттардан 200дөй адам эвакуацияланды.
Окуя боюнча териштирүү башталып, жетекчилер жарылууу газдын чыгышынан улам болгон деген ыктымал боюнча токтолушкандарын жарыялашты.