Сауд Арабияда Түркия менен энергетика протоколу талкууланды

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги, Министрлер кеңешинин жыйынынын чоо-жайын бөлүштү.

1973464
Сауд Арабияда Түркия менен энергетика протоколу талкууланды

Сауд Арабия Түркия менен энергетика протоколун талкуулады. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө энергетика министрине жана анын орун басарына ыйгарым укук берилди.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги, Министрлер кеңешинин жыйынынын чоо-жайын бөлүштү.

Кабарга караганда, Министрлер кеңешинде Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы энергетика протоколу талкууланды.

Протокол боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган энергетика министрине же анын орун басарына бул тема боюнча ыйгарым укук берилди.

Сауд Арабиянын Министрлер кеңешинин дагы бир күн тартиби Иран менен нормалдашуу болду. Жыйында эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин координациялоо маселеси каралды.



Тектеш кабарлар