Лидерлердин үйүнөн чыккан "жашыруун документтер" изилденет
АКШда Конгресстин жогорку даражалуу мүчөлөрү президент Жо Байдендин, мурдагы президент Дональд Трамптын жана мурдагы вице-президент Майк Пенстин үйүнөн чыккан “жашыруун документтерди” изилдейт
АКШда Конгресстин жогорку даражалуу мүчөлөрү президент Жо Байдендин, мурдагы президент Дональд Трамптын жана мурдагы вице-президент Майк Пенстин үйүнөн чыккан “жашыруун документтерди” изилдейт.
Борбору Вашингтон болгон Punchbowl News телеканалынын темага жакын булактарга таянган кабарына караганда, АКШнын Адилет министрлиги Байден, Трамп жана Пенстин үйлөрүнөн табылган, «жашыруун» деп белгиленген документтерди Конгресстин жогорку даражалуу мүчөсү республикачыл жана демократ сегиз депутаттан турган жана эң жашыруун досьелерге жетүү мүмкүнчүлүгү бар "Сегиздик банда" деп аталган депутаттар тобуна жөнөттү.
Депутаттар Байдендин үйүндө жана кеңсесинде, Трамптын Мар-а-Лагодогу сарайынан жана Пенстин Индианадагы үйүнөн табылган “жашыруун документтерди” карап чыгышат.
Өкүлдөр палатасынын жана сенаттын чалгындоо комитеттери көп убакыттан бери жашыруун документтер менен иштөө жана сактоонун маанисин баса белгилеп, бул документтерге кирүүнү талап кылып жана бул темада жүргүзүлгөн иштер тууралуу Юстиция министрлигинен маалымат талап кылып жаткан.
Юстиция министрлиги бул документтердин «уланып жаткан териштирүүнүн бир бөлүгү» болгону үчүн Конгресске берилишине каршы чыгып жаткан. Бирок юстиция министри Меррик Гарланд өткөн айда документтер жакын арада бөлүшүлө аларын айткан.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
Хизбуллах Израилдин 2 аскерин өлтүрдү
Кол салууда запастагы эки аскер каза болуп, бир аскер жеңил жараат алды.