Иорданиянын падышасы Абдулла Японияда

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио расмий сапардын алкагында борбор шаар Токиодо болгон Иорданиянын королу 2-Абдуллах менен жолугушту.

1973436
Иорданиянын падышасы Абдулла Японияда

Япония менен Иордания палестиналык-израилдик тирешүүнүн күчөшүнө жол бербөө максатында «эки мамлекеттүү чечимдин» ишке ашуусуна тоскоол боло турган аракеттерге каршы сабырдуулукту баса белгилешти.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио расмий сапардын алкагында борбор шаар Токиодо болгон Иорданиянын падышасы 2-Абдулла менен жолугушту.

Япониянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жолугушууда король Абдулла менен Кишида эки тараптуу жана аймактык абалдарды талкуулашты.

Жолугушууда Кишида өлкөсүнүн Палестина менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Иорданиянын Кудстагы ыйык жерлердеги ролунун өтө маанилүү экенин белгиледи.

Ал Иордания, Египет, АКШ, Израиль жана Палестинадан турган беш түзүмдүн жогоруда айтылган чыңалууну азайтуу аракетинен ыраазы экенин билдирди.

Эки лидер чыңалуунун мындан ары да күчөшүнө жол бербөө үчүн «эки мамлекеттүү чечимдин» ишке ашуусуна тоскоол боло турган бир тараптуу аракеттерге каршы сабырдуулукту баса белгилешти.

Абдулла менен Кишида Жакынкы Чыгышта Ирак жана Сирия, Чыгыш Азияда Кытай жана Түндүк Корея сыяктуу түрдүү тармактар ​​боюнча пикир алмашышты.

Эки лидер «Экономикалык жана социалдык өнүгүү программасы» алкагында Япониядан Иорданияга бериле турган 713 миллион иен өлчөмүндөгү гранттык жардам келишимине кол коюшту.

Иорданиянын падышасы 2-Абдулла  6-апрелде Япония жана Улуу Британияны камтыган чет өлкөгө сапар менен чыккан.



Тектеш кабарлар