БУУ Британиядан коштоочусу жок балдарды мейманканаларга жайгаштыруудан баш тартышын талап кылды

БУУнун эксперттери берген маалыматта : «Британияда коштоочусу жок баш калкалоочу балдардын дайынсыз жоголгондугуна жана Британия ичинде уурдоо коркунучунун жогору экендигине байланыштуу кабарлардан тынчсызданып жатабыз»,- деп билдирди.

1973760
БУУ Британиядан коштоочусу жок балдарды мейманканаларга жайгаштыруудан баш тартышын талап кылды

Бириккен Улуттар Уюму Британиянын баш калкалоо талап кылган бардык балдарды коргоосун жана коштоочусу жок балдарды мейманканаларга жайгаштыруудан баш тартышын талап кылды.

БУУнун эксперттери берген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Британияда коштоочусу жок баш калкалоочу балдардын дайынсыз жоголгондугуна жана Британия ичинде уурдоо коркунучунун жогору экендигине байланыштуу кабарлардан тынчсызданып жатабыз»,- деп билдирди.

Британияда «коштоочусу жок балдардын жергиликтүү мекемелердин жоопкерчилигинде болушунун ордуна убактылуу мейманканаларга жайгатыруу» саясатынан тынчсызданып жаткандарын белгилеген БУУнун эксперттери учурдагы саясаттын эч кимиси жок балдардын Британиянын балдарды коргоо системасынын тышында экендигин жана мунун дискриминация экендигине токтолушту.

БУУнун эксперттери балдарды коргоодогу ийгиликсиздиктердин жана боштуктардын адам сатуу коркунучун күчөткөндүгү боюнча эскертип : «Британия баш калкалоо талап кылган балдардын баарын коргоого алып, коштоочусу жок балдарды мейманканаларга жайгаштырууну токтотушу керек. Британия өкмөтү   балдардын кызыкчылыктарын дискриминациясыз камсыз кылуу жана балдарды сатууну алдын алуу боюнча эл аралык адам укуктары мыйзамдары боюнча өзүнүн негизги милдеттери тууралуу ийгиликсиздей көрүнүүдө»,-  деп билдиришти.

БУУнун каттоолоруна караганда 2021-жылдын июнь айынан бери  Британияда коштоосу жок 4600 бала 6 мейманканага жайгаштырылган.

Бул балдардын 440нын дайынсыз жоголгону кабарланып, 23-январдан тарта көпчүлүгү албан тектүү 220 баладан кабар алына албай жатат.



Тектеш кабарлар