Түндүк Кореянын өзөктүк потенциалын кеңейтүү планы

Түштүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн өзөктүк потенциалын ылдам түрдө кеңейтүү керектигин айтты.

1973180
Түндүк Кореянын өзөктүк потенциалын кеңейтүү планы

Түштүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн өзөктүк потенциалын ылдам түрдө кеңейтүү керектигин айтты.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги (KCNA) билдиргендей, Пхеньян атаандаш өлкөлөрдүн аскердик машыгуулары менен карама  - каршы келгенден  кийин Ким Эмгек партиясынын Борбордук Аскердик комиссиясы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Ким Комиссарлар менен өлкөсүнүн согушка даярдыктарын талкуулап, өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн арттыруулары керектигин айтты.

Ошондой эле  Түндүк Кореянын акыркы жумаларда жасаган курал сыноолоруна жооп катары АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларынын  чыңалууну арттырганы баса белгиленди.

Бир тараптан түндүктүн буларды басып алуу үчүн даярдык катары мүнөздөлүп, Сеул жана союздаштарынын биргелешкен машыгууларына каршы чыгуу үчүн коргонуу көлөмүнүн кеңейтилиши жана согуштук даярдыктарды бүтүрүүнү талкуулагандыгы  маалымдалды. 

Жыйында АКШ жана Түштүк Кореянын барган сайын күч алган кол салуу даярдыктарынын ортосунда Корея жарым аралындагы азыркы учурдагы абалдын да сөз болгондугу билдирилди. 

Бир тараптан Түштүк Корея өкмөтү Түндүк Кореянын чек ара байланышы жана аскердик жардам линиясы аркылуу   үзгүлтүксүз жасалган чалууларга 4 күндөн бери жооп бербегенин билдирди.

 



Тектеш кабарлар