Нигерияда барымтага алынган 80 адам үчүн кун талап кылынды

Куралчан кишилер эгер кун төлөнбөсө, барымтадагы адамдарды өлтүрөбүз деп коркутушту.

1972834
Нигерияда барымтага алынган 80 адам үчүн кун талап кылынды

Нигериянын Замфара аймагында 7-апрелде болгон кол салууда барымтага алынган кеминде 80 киши үчүн кун талап кылынды.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, куралчан кишилер Замфара аймагындагы Ванзамай кыштагында 7-апрелде барымтага алган кеминде 80 кишини бошотуу үчүн 30 миллион Нигерия Найрасын төлөп берүүнү талап кылышты.

Куралчан кишилер эгер кун төлөнбөсө, барымтадагы адамдарды өлтүрөбүз деп коркутушту.

Бир тараптан Замфаранын губернатору Белло Матавалле, барымтадагыларды куткаруу үчүн аймакта операциялардын уланып жатканын билдирди.

7-апрелде Замфара аймагынын Ванзамай айылында куралчан кишилердин кол салуусунда кеминде 80 киши, көбү аялдар жана балдар уурдалып кеткен.

Нигерияда адам уурдагандар өлүм жазасына тартылганына карабастан кун үчүн уурдоо окуялары көп катталууда.

Өлкөдө күчөгөн коопсуздук көйгөйлөрүнө каршы күрөштүн алкагында куралчан кишилерге кун төлөп берүүгө тыюу салынган.



Тектеш кабарлар