Италияга 1700дөй мыйзамсыз мигрант жетти

Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Тажанинин ушул жумада Римде Тунистин тышкы иштер министри Небил Аммар менен бул теманы сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

1972741
Италияга 1700дөй мыйзамсыз мигрант жетти

Өткөн дем алыш күндөрү Жер Ортолук деңизи аркылуу Италияга жеткен мыйзамсыз мигранттардын саны болжол менен 1700 деп катталды.

Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, 8-апрель ишемби күнү өлкөнүн Африкага эң жакын жери болгон Лампедузага 17 мигрант кайыгы менен 700дөй, 9-апрель ишемби күнү да 26 кайык менен 1000дей мыйзамсыз мигрант барды.

Ал арада жээк коопсуздук топтору мигранттардын кайыгына операция жүргүзүп, 8и аял 36 кишини деңизден куткаргандыгы белгиленди.

Италиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда жаңы жылдан 7-апрелге чейин деңиз аркылуу өлкөгө барган мигранттардын саны 28 миң 285ге жетти. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде бул сан 6 миң 938 болгон.

Бир тараптан Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Тажанинин ушул жумада Римде Тунистин тышкы иштер министри Небил Аммар менен бул теманы сүйлөшүүсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар