Францияда күйүүчү майдын тартыштыгы

Өлкөдө пенсия жашын 62ден 64кө көтөрүүнү көздөгөн талаштуу реформадан улам көптөгөн мунай иштетүүчү заводдордо башталган иш таштоолор уланууда.

1973184
Францияда күйүүчү майдын тартыштыгы
fransa akaryakit sikintisi.jpg

Францияда мунай иштетүүчү завод жумушчуларынын иш таштоосунан улам борбор шаар Парижди да камтыган Иле-де-Франс аймагындагы күйүүчү май станцияларынын 40 пайызында бензиндин тартыштыгы жаралганы белгиленди.

«Ле Фигаро» гезитинин кабарына караганда, өлкөдө пенсия жашын 62ден 64кө көтөрүүнү көздөгөн талаштуу реформанын себебинен көптөгөн мунай иштетүүчү заводдордо башталган иш таштоолор уланууда.

Өлкө боюнча 200гө жакын күйүүчү май сатуучу жайларда иш таштоо уланып жатканда, кээ бир май куюучу жайлардын алдында унаалардын узун кезектери пайда болду.

Нефтини кайра иштетүүчү заводдор өндүрүшүн токтоткондуктан Париж жана анын айланасындагы май куюучу жайлардын 40% бензиндин тартыштыгына дуушар болууда.

Бул көрсөткүч өлкө боюнча 10 пайыз катары статистикага чагылды.

Көптөгөн нефтини кайра иштетүүчү заводдордо техникалык мүчүлүштүктөр жана оңдоо иштеринин улантылышы күйүүчү май менен камсыз кылууну дагы да кыйындатты.

Бир тараптан мунай иштетүүчү заводдордо минималдуу өндүрүштү камсыз кылуу үчүн иш таштоочулар үчүн губернаторлуктар тарабынан ишке ашырылган «мажбурлап иштөө» процедурасы Руан административдик соту тарабынан токтотулду.

Бул жагдай жакынкы күндөрдө күйүүчү майдын таңкыстыгын ого бетер күчөтөт деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар