Байден президенттикке талапкерлигин коюуну пландап жатат

Байден Ак үйдө өткөрүлгөн Пасха программасынын алкагында конок болгон NBC News телеканалында сөз сүйлөдү.

1972674
Байден президенттикке талапкерлигин коюуну пландап жатат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден 2024-жылдагы президенттик шайлоого талапкер болууну пландап жатканын айтты.

Байден Ак үйдө өткөрүлгөн Пасха программасынын алкагында конок болгон NBC News телеканалында сөз сүйлөдү.

2024-жылдагы президенттик шайлоого катышасызбы деген суроого Байден: «Талапкерлигимди коюуну пландап жатам, бирок азырынча жарыялоого даяр эмеспиз»,-деп жооп берди.

Байден буга чейин "талапкер болууга ниеттенип жатканын" билдирген, бирок азырынча расмий түрдө талапкерлигин жарыялай элек.

Белгилүү жазуучу Мариан Уильямсон, Байдендин Демократиялык партиясынан талапкерлигин расмий түрдө биринчилерден болуп жарыялаган.

АКШнын мурдагы президенти Жон Кеннединин жээни адвокат  Роберт Кеннединин да шайлоого катыша турганын расмий түрдө жарыялоосу күтүлүүдө.

Республикалык партиядан талапкерлигин жарыялаган ысымдардын арасында АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп, АКШнын БУУдагы мурунку туруктуу өкүлү Никки Хейли, саясатчы Стив Лаффи, жаш мультимиллионер Вивек Рамасвами жана ишкер Перри Жонсон бар.



Тектеш кабарлар