Зеленский: «Орусия Запорожьени бомбалады»
Украинанын президенти Владимир Зеленский түндө элге кайрылуусунда ооруканада дарыланып жаткан жарадар аялдын абалы оор экенин айтып, кол салууга каршы чыкты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Запорожьеге абадан коргонуу системасы С-300 менен сокку урганын белгилеп, кол салууда бири бала болгон 2 кишинин каза болгонун, 1 кишинин оор жаракат алганын жарыялады.
Зеленский түндө элге кайрылуусунда ооруканада дарыланып жаткан жарадар аялдын абалы оор экенин айтып, кол салууга каршы чыкты.
2022-жылдын 24-февралында башталган орус чабуулдарынын Пальма жекшембисинде (бутактар майрамында да) уланганын белгилеген Зеленский:«Ошентип, Орусия өзүн дүйнөдөн, адамзаттан ого бетер обочолонтууда. Христиандардын ар бир майрамы, биз билбесек да, жамандык жеңилет деп ишенүүгө үйрөтөт. Биз ишенишибиз керек жана ишенебиз»,-деди.
«Биз жамандыктын жеңилүүсүн жакындатышыбыз керек жана биз аны жакындатабыз»,-деп айткан украин лидери:«Дүйнө биз менен турат. Ай сайын, жума сайын колдоо көбөйүп, бизди колдогондордун, кайратыбызды, жашоого болгон ишенимибизди колдогондордун чөйрөсү кеңейүүдө. Мен азыр Украина менен болгон дүйнөдөгү бардык адамдарга ыраазычылык билдиргим келет», - деди.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.