Тель-Авивге аскердик бөлүк жайгаштырылат

Галлант Израиль полициясынын аскердик бөлүктөр менен колдоо көрсөтүлүшү үчүн коргоо кызматына тапшырма берди.

1972250
Тель-Авивге аскердик бөлүк жайгаштырылат

Израилдин Коргоо министрлиги, акыркы мезгилде күчөгөн чыңалуу жана кол салуулардан улам коопсуздукту камсыздоо максатында Тель-Авивге аскер бөлүктөрүн жөнөтүүдө.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, коргоо министри Йоав Галлант коопсуздук кызматкерлери менен кырдаалга баа берди.

Жыйындан кийин Галлант Израиль полициясынын аскердик бөлүктөр менен колдоо көрсөтүлүшү үчүн коргоо кызматына тапшырма берди.

Бир тараптан израиль басма сөзү, акыркы мезгилде израилдиктерге каршы күчөгөн кол салуулардан кийин армия бөлүктөрүнүн Тель-Авивге жайгаштырыла турганын жарыялады.

Галлант кечээ Батыш Шериадагы кээ бир көчөлөр менен өтмөктөр жана Газадагы чек ара бекеттерин жабык кармоо режиминин коопсуздуктун себебинен Пасах майрамынын аягына чейин (12-апрель) узартылышына чечим чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар