Зеленский крымдык мусулмандар менен ооз ачуу программасына катышты

Зеленский : «Бир гана Украина үчүн эмес бүткүл дүйнө үчүн Крымдын оккупациядан тазаланышынан башка альтернатив жок»,- деди.

1971802
Зеленский крымдык мусулмандар менен ооз ачуу программасына катышты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдеги Чайки айылындагы Крым мусулмандары борборунда ооз ачуу программасына катышты.

Зеленский : «Бир гана Украина үчүн эмес бүткүл дүйнө үчүн Крымдын оккупациядан тазаланышынан башка альтернатив жок»,- деди.

Түркиянын Киевдеги элчиси Ямур Ахмет Гүлдере, Крым татар түрктөрүнүн лидери жана Украина депутаты Мустафа Кырымоглу, Крым татар Улуттук Парламентинин  спикери Рыфат Чубаров, диний лидерлери жана Украинадагы мусулмандар катышкан Крым мусулмандары борборундагы ооз ачуу программасында Россия  -  Украина согушунда каза болгон украиналык аскерлер эскерилди.

Россияны Крымда «адам укуктарын бузуу менен» күнөөлөгөн Зеленский : «Крымга кайтып келебиз жана андан кийин кол салуучу да жеңилип дүйнөгө тынчтык кайтып келет»,- деди.

Крым татар түрктөрүнүн лидери жана Украина депутаты Кырымоглу да Зеленскийдин Украинада согуштун уланып жатканына карабастан ооз ачуу программасына катышуусунан улам кубанычтуу экендигин айтты.

Кырымоглу : «Крымды жана душмандын оккупациясындагы бардык жерлерибизди бошоторубузга ишенем»,- деди.

Зеленский программада Россия  -  Украина согушунда фронтто болгон айрым аскерлерге мамлекеттик орден тапшырды.

 

 

 



Тектеш кабарлар