НАСА абанын булганышын космостон өлчөйт

Бул үчүн космоско аппарат учурулду.

1971837
НАСА абанын булганышын космостон өлчөйт

Американын Авиация жана космостук агенттиги НАСА космостон абанын булганышын көзөмөлдөйт.

Бул үчүн космоско аппарат учурулду.

Түндүк Америка континентинин үстүндө абанын булганышын көзөмөлдөй турган аппарат Американын космостук спутниги жана ракета өндүрүүчүсү SpaceX тарабынан космоско жиберилди. 

Кыскача аты ТЕМПО болгон Tropospheric Emissions Pollution Monitor АКШнын Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан орбитага ийгиликтүү учурулду. 

Аппарат орбитага жайгашкандан кийин Порто Рикодон Канадага чейин күндүз ар бир саатта абанын сапатын өлчөйт.

ТЕМПО аппаратынын НАСАга жалпы чыгымынын 210 миллион доллар экендиги айтылды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар