Йемендеги жардыруу: 4 киши каза болду

Жүргүнчүлөрдү ташыган автобуска бомбалуу кол салуу болду.

1971247
Йемендеги жардыруу: 4 киши каза болду

Йемендин борбор шаары Санада жүргүнчүлөрдү ташыган автобуска жасалган бомбалуу кол салууда төрт киши каза болду.

Иран колдогон хусилердин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдулхалик ел-Акринин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, борбор шаар Санада жүргүнчү ташыган автобуска бомбалуу кол салуу жасалганы кабарланды.

«Кол салууга даярданган ДЕАШ террордук уюмуна байланышы бар эки элемент тууралуу кабар түшкөндөн кийин физикалык байкоо жүргүзүлдү. Аталган адамдар байкоого алынганын билишкенде жүргүнчү автобусуна баш калкалап өздөрүн жардырып жиберишти»,-деп айтылган билдирүүдө, жардырууда эки кол салуучу менен бирге эки жарандын да каза болгондугу маалымдалды. 



Тектеш кабарлар