Түндүк Корея АКШ жана Түштүк Кореянын машыгуусуна каршылык көрсөттү

Түндүк Корея АКШ жана Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгууларын «согушка даярдык» деп мүнөздөдү.

1971009
Түндүк Корея АКШ жана Түштүк Кореянын машыгуусуна каршылык көрсөттү

Түндүк Корея АКШ жана Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгууларын «согушка даярдык» деп мүнөздөдү.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги KCNAнын кабарына каранда, Түндүк Кореянын машыгууларга каршы «агрессивдүү» кадамдарды таштай тургандыгы белгиленди.

Кабарда көз караштарына орун берилген  эл аралык коопсуздук боюнча эксперт Чое Жу-хён : «АКШ баштаган согушту тутандыруучулардын аскердик провокациялары сабырдуулуктун чегинен ашты",- деп билдирди.

Чое Жу-хён АКШ жана Түштүк Кореянын машыгууларынын жана АКШнын аскердик мүлктөрүн Корея жарым аралына жайгаштыруусунун аймакты «күтүлбөгөн жерден жарыла турган арсеналга» айландыргандыгын айтты.

Чое Жу-хён АКШны Түштүк Корея жана Япония менен биргелешкен суу түбүндөгү кемеге каршы машыгуу өткөргөнү үчүн «дүйнөнүн тынчтыгы үчүн рак» деп мүнөздөдү.

Түштүк Корея менен АКШ, Түндүк Кореянын күч алган коркутууларна каршы баш тарттыруучулукту  күчтөтүү аракеттери улантылып жаткан процессте B-52H стратегиялык бомбалоочу учагы да орун алган биргелешкен аба машыгууларын өткөргөн.

Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын деңиз күчтөрү да Түндүк Кореянын «күч алган ракета коркунучунан» улам координациясын күчөтүү максатында суу түбүндөгү кемелерге каршы биргелешкен машыгуу өткөрдү.

Түндүк Корея да 22 - мартта өзөктүк контрчабуулга каршы машыгуу өткөргөнүн жарыялаган.

2022-жылы Түндүк Корея 90дон ашык континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учуруп, Бириккен Улуттар Уюмунун, АКШнын, Европа Биримдигинин жана коңшу өлкөлөрдүн бир катар санкцияларына карабастан, бир жылда атылган эң көп ракета санына жетти.

Түндүк Корея акыркы жолу 24-мартта Түштүк Кореяга өзөктүк чабуулду симуляциялап, "радиоактивдүү цунами жарата турган" учкучсуз суу түбүндөгү унаасын сынаганын жарыялаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар