Португалияда темир жол кызматкерлери иш ташташты

Иш таштоодон улам поезд каттамдарынын жарымынан көбү жокко чыгарылды.

1971036
Португалияда темир жол кызматкерлери иш ташташты

Португалияда «Comboios de Portugal» (CP) мамлекеттик темир жол компаниясынын кызматкерлери айлык акыны жогорулатууну талап кылып 24 сааттык иш ташташты.

Португалиядагы поезд каттамдарынын жарымынан көбүнүн, 2022-жылдын ноябрында башталган жана белгилүү убакыттарда өткөрүлгөн CP кызматкерлеринин иш таштоосунан улам жокко чыгарылганы айтылды.

Католик дининин Пасха майрамынын биринчи күнүнө туш келген иш таштоодон көптөгөн жүргүнчүлөрдүн жапа чеккени, өзгөчө борбор шаар Лиссабон менен Портонун түндүгүндө шаарлар аралык жана шаар четиндеги каттамдарда олуттуу үзгүлтүктөр болгону белгиленди.

CP тарабынан берилген маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:00дөн 08:00гө чейин пландалган 254 поезд каттамдарынын 138и токтотулду.

Айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылган иш таштоолорду колдогон CP кызматкерлери мүчө болгон 8 профсоюз уюму 10-30-апрель күндөрү саат 00.00-05.00 аралыгында ишин токтоторун жарыялашты.

Темир жол кызматкерлери айлык акыны жогорулатуудан тышкары карьералык баа берүүнүн жаңы эрежелерин, эмгек жана коопсуздук шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.



Тектеш кабарлар