Япония айрым өлкөлөрдүн армияларына коргонуу жабдыктарын берет

Япония өкмөтү мыйзамдын үстөмдүгү сыяктуу бирдей баалуулуктарды бөлүшкөн "бирдей пикирдеги" өлкөлөрдүн  армияларына коргонуу жабдыктарын берерин билдирди.

1970771
Япония айрым өлкөлөрдүн армияларына коргонуу жабдыктарын берет

Япония өкмөтү мыйзамдын үстөмдүгү сыяктуу бирдей баалуулуктарды бөлүшкөн, "бирдей пикирдеги" өлкөлөрдүн  армияларына коргонуу жабдыктарын берерин билдирди.

2022 -  жылы декабрь айында премьер  - министр Кишиде Фумио өкмөтү тарабынан жаңыртылган Улуттук Коопсуздук Стратегиясынын негизинде Расмий  Коопсуздук Жардамдын негизи түзүлдү.

Жаңы алкак боюнча япон өкмөтү мыйзамдын үстөмдүгү жана демократия сыяктуу баалуулуктарды бөлүшкөн "бирдей пикирдеги өлкөлөрдүн" армияларына коргонуу жабдыктарын берет. 

Япония Расмий Копсуздук Жардам OSA аркылуу аскердик эмес максаттар менен чектелген расмий өнүгүү жардамынын (ОДА) тышындагы аймактарда өнүккөн өлкөлөрдү колдойт.

Жаңы алкак деңиз жана абадан көзөмөлдөө, апаатка кийлигишүү жана гуманитардык жардам иштери менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты коргоо операцияларына бериле турган колдоону да камтууда. 

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө : "OSA Япония үчүн кааланган коопсуздук чөйрөсүнүн түзүлүшүндө кызматташууну тереңдетет",- деп айтылды.

Өкмөт апрель айында башталган 2023-  финансылык жылдын бюджетинде коопсуздук жардамынан расмий алкагын каржылоого 2 миллиард иен (15 миллион доллар) бөлдү.

Апрель айында башталган 2023 каржылоо жылдын бюджетинде коопсуздукка жардамдын  алкагын каржылоого 2 миллиард иен (15 миллион доллар) бөлдү.

Министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу Япониянын OSA аркылуу жалпы баалуулуктарды бөлүшкөн өлкөлөрдүн армияларынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталгандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар