Бахмутта катуу кагылышуулар болуп жатат

Ааймакта тынымсыз жарылуунун үндөрү угулууда.

1970927
Бахмутта катуу кагылышуулар болуп жатат
bahmut ukrayna askeri.jpg
ukrayna askeri bahmut.jpg
bahmut ukrayna.jpg

Украинада 14 айдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунун алкагында эң катуу кагылышуулар Донецк аймагындагы фронтто уланууда.

Эки армиянын ортосундагы салгылаш Луганск, Харьков, Херсон жана Запорожьеде уланып жатканда, эң оор кагылышуулар Донецк аймагынын Бахмут, Авдеевка, Маринка жана Угледар багыттарында болууда.

Украин армиясынын өткөн жылы Херсон менен Харьков облустарында жана Донецктин порт шаарындагы контрчабуулдарынан кийин эң катуу салгылаш Донецк облусунда күчөгөн.

Стратегиялык мааниге ээ болгон Бахмутта бир нече айдан бери катуу кагылышуулар уланууда.

Орус аскерлери үч тараптан курчоого алган Бахмут, Украинадагы согуш дээрлик бекилген жерге айланды.

Өзгөчө Авдеевка менен Маринкада жана Бахмут фронтунда күчөгөн аскердик активдүүлүк көңүлдөрдү бурууда.

Жөө аскерлерди ташыган танктар, чынжырлуу жана башка брондолгон унаалар катуу ылдамдыкта жүрүп жаткан аймакта тынымсыз жарылуунун үндөрү угулуп турат.

Фронттун ар кайсы жерлеринде чогулуп Бахмуттун ичине кирген украин аскерлеринин шаар ичиндеги кагылышуулар күчөгөн жерде топтолушу бул шаарда канчалык катуу согуш аракеттеринин уланып жатканын көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар