"Росатомдун" башкы директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту

Росатомдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, бүгүн Калининградда Лихачев менен Гроссинин жолугушуусунда Запорожье атомдук станциясынын абалы талкууланды.

1970546
"Росатомдун" башкы директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту

Россиянын «Росатом» мамлекеттик атомдук энергетика корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту.

Росатомдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, бүгүн Калининградда Лихачев менен Гроссинин жолугушуусунда Запорожье атомдук станциясынын абалы талкууланды.

Жолугушууда Запорожье атомдук электр станциясынын коопсуздугун камсыздоо аракеттерине баа берилип, орус тарабынын бул маселе боюнча ишин улантууга даяр экендиги белгиленди.

Украинанын түштүк - чыгышындагы Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп саналат.

Сөз болуп жаткан ТЭЦти орустар 4-мартта басып алышкан.

Учурда орус армиясынын көзөмөлүндө болгон заводдун айланасында артиллериялык чабуулдар болуп, Украина менен Россия кол салуулар үчүн бири-бирин айыптоодо.

 



Тектеш кабарлар