Израиль полициясынын Месжид-и Аксага басып кирүүсүнө каршы Газадан Израилге карай ракеталар атылды

Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүндө, блокададагы Газа тилкесинин айланасындагы Сдерот шаарында чабуул сиреналарынын угулганы белгиленди.

1970196
Израиль полициясынын Месжид-и Аксага басып кирүүсүнө каршы Газадан Израилге карай ракеталар атылды

Израиль полициясынын Месжид-и Аксаны басып кирип, желим капталган ок жана үн бомбаларын атуусунан кийин блокададагы Газа тилкесинен Израилге карай ракеталар атылды.

Израиль армиясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүндө, блокададагы Газа тилкесинин айланасындагы Сдерот шаарында чабуул сиреналарынын угулганы белгиленди.

Газа тилкесинен Сдерот шаарын көздөй беш ракета атылганы, анын төртөө абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганы маалымдалды.

Бир ракета да ачык жерге кулап түшкөнү айтылды.

Газа тилкесинен атылган 4 ракетанын да ачык жерге түшкөнү бөлүшүлдү.

Израилдик маалымат каражаттары Сдерот шаарындагы өнөр жай аймагына ракетанын кулап, зыян келтиргенин жарыялады.

Бир тараптан Израиль полициясынын түнү Месжид-и Аксадагы Кыбыла мечитине баш калкалагандарга желим капталган ок, үн бомбасы, көздөн жаш агызуучу газ жана союлдар менен кийлигишүүсүнөн кийин басып алынган Чыгыш Кудста окуялар башталды.

Израиль полициясы Месжид-и Акса жайгашкан Эски шаар аймагынын тегерегине күчтүү күчтөрдү жөнөттү.

Чыгыш Кудстун ар башка райондорунда палестиналыктар Израиль полициясына фейерверк атуу менен каршылык көрсөтүүгө аракет кылышты.

Топ-топ болуп Месжид-и Аксага барууга аракет кылган палестиналыктарга Израиль полициясы үн бомбалары жана желим капталган октор менен кийлигишти.

Палестина Кызылайынын билдирүүсүндө, Месжид-и Аксанын айланасында болгон окуяларга медициналык топтор жардам бергени, 7 киши жарадар болуп экөөнүн ооруканага жеткирилгени бөлүшүлдү.

Жаралануулар желим менен капталган октордун жана токмоктун натыйжасында болгондугу жазылган.

Фанатик еврей отурукташуучулардын ыйык Пасах майрамы жана ал жердеги курмандыктардан улам Месжид-и Аксаны басып алуу чакырыгынан улам таравих намазынан кийин бир топ палестиналык Месжид-и Акса ичиндеги Кыбыла мечитине баш калкалады.

Израиль полициясы басып алынган Чыгыш Кудустагы Месжид-ул-Аксаны түн бир оокумда тинтүүгө алып, Кыбыла мечитине баш калкалагандарга үн бомбалары жана желим капталган ок менен кийлигишип, бул жерден табылгандарды дубинка менен сабады.

Курамында аялдар жана балдар болгон топ Кыбыла мечитинин эшигин жапты. Израиль полициясы Масжид-и Аксанын короосуна кирип, тазалоочуларды жана мусулмандарды күч менен чыгарып, Аксанын эшигин жапты.

Хамас жана түрдүү каршылык көрсөтүү топтору окуялардан кийинки билдирүүлөрүндө Батыш Шериа менен Израилдин ичиндеги палестиндерди Аксага келүүгө чакырышты.



Тектеш кабарлар