Испанияда операция болуу үчүн кезекте тургандар

Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы маалыматтарды бөлүштү.

1970052
Испанияда операция болуу үчүн кезекте тургандар

Испанияда 800 миңдей адам операция болуу үчүн кезекте турат.

Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги, өлкөдө операциялар үчүн кезек күтүүлөрдүн көбөйүп жаткандыгы тууралуу акыркы көрсөткүчтөрдү бөлүштү.

Буга ылайык, 2022-жылдын декабрь айында бир жыл мурункуга салыштырмалуу 86 миң 781ге көбөйүп, 793 миң 521 кишинин операция болуу үчүн ооруканаларда кезекте турганы билдирилди жана бул эң жогорку көрсөткүч болду.

Өлкөдө операция үчүн орточо күтүү убактысы 122 күн экени айтылды.

Бул сан 2021-жылдын декабрь айында 121 күн, 2022-жылдын июнь айында 113 күн болгон.

Учурдагы кырдаалда бейтаптардын 22 пайызы операция үчүн кеминде 6 ай күтөөрү маалымдалды.

Эң көп күтүлгөн операциялардын пластикалык хирургия (242 күн) жана нейрохирургия (203 күн) экени жана тыгыздыктын эң көп Каталония, Андалусия, Мадрид жана Валенсия аймактарында байкалганы айтылды.

Ооругандардын 56 пайызы адис дарыгерге кайрылуу үчүн 60 күндөн ашык убакыт күтүшкөнү кабарланды.

Испаниянын 17 өзүн-өзү башкаруучу өкмөттөрүнүн көбүндө тез-тез иш таштоого же демонстрацияга чыккан саламаттыкты сактоо кызматкерлери кызматкерлердин жетишсиздигине жана бош жумуш убактысынын жоктугуна, ошондой эле айлык акыны жогорулатуу талабына нааразы болушууда.



Тектеш кабарлар