Франция зеревдеги аскер кызматкеринин жашын көтөрөт

Лекорну: "Жаш чегин көтөрөбүз. Адамдар француз армиясында 70 жашка чейин, кээ бир адистиктер боюнча 72 жашка чейин запастагы жоокер боло алышат",- деди.

1970260
Франция зеревдеги аскер кызматкеринин жашын көтөрөт

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну "айрым аскердик эксперттерге" 72 жашка чейин кызматта калууга уруксат берилгенин жана резервдегилердин эң жогорку жашын 70ке чейин көтөрөрүн билдирди.

Франциянын Коргоо министри Себастьян Лекорну бир маалымат каражатына берген маегинде: «Көптөгөн татыктуу адамдар бул жаш курагы чегинен улам четтетилүүдө, мунун эч кандай мааниси жок», - деди.

Лекорну: "Жаш чегин көтөрөбүз. Адамдар француз армиясында 70 жашка чейин, кээ бир адистиктер боюнча 72 жашка чейин запастагы жоокер боло алышат",- деди.

Жеткиликтүү максималдуу курак запастагы адамдын ролуна жараша 60тан 65ке чейин.

Франция курактык чекти  жогорулатуудан тышкары, резервдеги күчтөрдүн санын 40 миңден 80 миңге чейин көбөйтүүнү максат кылууда.

Резервдик күчтөрдү реформалоо чечими Франция аскердик чыгымдарын быйыл 43,9 миллиард евродон 2030-жылга чейин 69 миллиард еврого чейин акырындык менен көбөйтүүнү чечкен учурда кабыл алынды.

Лекорну Франция «өздөрүн коргой ала турган улуттар клубунда калышы керек» экендигин  баса белгиледи.



Тектеш кабарлар