Владимир Путин : "Эң чоң азаю автомобиль тармагында"

Россияда автомобиль сатуу 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 58,8 пайызга азайып, 687 миңге түштү.

1969733
Владимир Путин : "Эң чоң азаю автомобиль тармагында"

Россиянын президенти Владимир Путин батыштык автомобиль фирмаларынын Россиядагы милдеттенмелерин бузганын белгилеп, өлкөнүн өндүрүшүндөгү эң чоң азаюнун автомобиль тармагында  болгонун айтты.

Путин Тула аймагындагы поезд мотору заводуна болгон сапарында өлкөдөгү автомобиль өнөр жайы тууралуу баа берди.

Орус автомобиль өнөр жайындагы көйгөйлөр үчүн батыш компанияларын күнөөлөгөн Путин :  «Бул фирмаларды «эски өнөктөштөрүбүз» деп айтабыз алар бардык милдеттенмелерин бузуп,  туура эмес кыймыл-аракет кылышты»,-деди. 

Өлкөдө өндүрүш  тармагында эң чоң азаюнун автомобиль тармагында  болгонуна көңүлдөрдү бурган Путин : «Бул да биз өнөктөштөрүбүз деп эсептегендердин кыймыл-аракеттеринен улам болду»,-деди. 

Россяга  салынган санкциялардан улам Renault, Mercedes-Benz, Nissan, Toyota сыяктуу бренддер өткөн жылы өлкөдөгү иштерин токтоткон.

Россияда автомобиль сатуу 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 58,8 пайызга азайып, 687 миңге түштү.



Тектеш кабарлар