Сомалиде Африка Биримдиги аскерлерине кол салуу болду

Бомбалуу кол салууда үч жаран каза болду.

1969802
Сомалиде Африка Биримдиги аскерлерине кол салуу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо Африка Биримдигинин Сомали Транзит Миссиясынын (ATMIS) конвойуна жасалган бомбалуу кол салууда үч жаран каза болду.

Сомалинин полиция кызматкери Осман Ахмед басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Могадишодо ATMIS күчтөрү конвойун бутага алган бомбалуу кол салуу болгонун; Ал 3 жарандын каза болгонун билдирди.

Ахмед : «Кол салуу KM4 жана KM5 кесилишинде болду. Кол салуу жолго жакын жерге коюлган мина жарылганда болгонун болжолдоп жатабыз»,-деди. деди.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп кооптонууда.



Тектеш кабарлар