Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгын өткөрүп алды

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя, өлкөсүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынын күн тартибине байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

1969482
Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгын өткөрүп алды

Орусия, алфавиттик тартипте 15 мүчө мамлекеттин ортосунда алмашылып турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгын Мозамбиктен өткөрүп алды.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя, өлкөсүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынын күн тартибине байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Орусиянын төрагалык мөөнөтүн өз пайдасына колдонуп Украинага каршы пропаганда жүргүзөт деген дооматтарга токтолгон Небензя, Орусиянын мурдагы мезгилдердегидей төрагалык кызматты «профессионалдык» түрдө аткара турганын баса белгиледи.

Небензя: «Орусия төрагалыктын артыкчылыктарын кыянаттык менен пайдаланбайт. Биздин улуттук позициябыз башка, БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылуу өзүнчө тема. Биз бул кызматка маани беребиз»,-деди.

Өлкөлөрдүн төрагалыкты ким жүргүзөрүн аныктоо укугуна ээ эмес экенине көңүл бурган Небензя: «Учурдагы БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана дүйнөлүк тартип уланып турса, процедуранын эрежелери өзгөрбөйт. Төрагалык кызматка кайсы мамлекеттин өтөөрү ачык белгиленди»,-деп айтты.

Небензя Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 24-25-апрель күндөрү Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында боло турганын жана БУУнун эки жыйынына төрагалык кыларын маалымдады.

Экинчи тараптан талап болсо Лавровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен да жолуга ала турганын айткан Небензя, талаптын АКШ тараптан болушу керектигин билдирди.

1-апрелде расмий түрдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгын өткөрүп алган Орусия бул милдетти акыркы жолу 2022-жылдын февралында алган. Ал учурда Орусиянын Украинага чабуулу башталган болчу.



Тектеш кабарлар