Европа Биримдиги жана АКШ энергетика боюнча кызматташууну күчөтүүдө

Энтони Блинкен АКШ менен Европа Биримдигинин энергия менен камсыздоо коопсуздугу боюнча кызматташуусун арттырганын айтты.

1969774
Европа Биримдиги жана АКШ энергетика боюнча кызматташууну күчөтүүдө

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ менен Европа Биримдигинин энергия менен камсыздоо коопсуздугу боюнча кызматташуусун арттырганын айтты.

Блинкен менен Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлө турган Еропа Биримдиги - Америка Кошмо Штаттары энергетика кеңешинен мурда билдирүү жасашты.

АКШ менен Европа Биримдигинин энергетикалык коопсуздук боюнча бирге иш алып барышканын эске салган Блинкен, АКШнын Европанын энергия менен камсыздоо коопсуздугун түзүү үчүн Европа Биримдиги менен кызматташканын белгиледи.

Россиянын энергияны курал катары колдонуусунун Европа Биримдиги менен АКШнын энергетика тармагындагы кызматташтыгын ылдамдатканына көңүл бурган Блинкен : "Өткөн жылы АКШ менен Европа энергетикалык коопсуздук тармагында кызматташуусун дагы да арттырды. 2022-жылы АКШ Европага жалпысынан 56 миллиард куб метр LNG экспорттоду",- деди.

Блинкен Европанын жалпы LNG импортунун 40 пайызынын АКШдан келгенин, АКШдан Европага LNG экспортунун өткөн жылы андан мурунку жылга салыштырмалуу 140 пайызга өскөнүн белгиледи.

Согуштун башында Европа Биримдигинин орус газына 40 пайыз көз каранды болгонун эске салган Блинкен 2022-жылдын аягында мунун 15 пайызга азайганын белгиледи.

Боррел да : «Жаратылыш газ боюнча Россияга болгон көз карандылыктан ийгиликтүү кутулдук»,-деди.

Жыйналышта жашыл энергиянын трансформациясын кантип тездетүү керектиги тууралуу сүйлөшө тургандарын айткан Боррелл метан газынын эмиссиясын азайтуу жана глобалдык энергияны үнөмдөө демилгесин баштоонун карала тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар