Финляндия НАТОнун 31-мүчөсү болду

Финляндия Швеция менен бирге 2022-жылдын 18-майында НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берген.

1969856
Финляндия НАТОнун 31-мүчөсү болду
cavusoglu-blinken, finlandiya nato uyelik.jpg

Түркия Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн бекиткен документти, 1949-жылдагы Түндүк Атлантика келишиминин сактоочусу болгон АКШга өткөрүп бергенден кийин Финляндия НАТОнун 31-мүчөсү катары альянска кошулду.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборунда өткөрүлгөн тышкы иштер министрлер жыйынынын алкагында жолугушту.

Жолугушууда Түркия Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн бекиткен документти 1949-жылдагы Түндүк Атлантика келишиминин сактоочусу АКШга тапшырды.

Андан соң НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто жолугушуу өткөрдү.

Блинкен Түркиянын ратификациялык документти АКШнын атынан тапшырганын билдиргендигине кубанычта экенин айтты.

Хаависто да өлкөсүнүн Түркиядан алган Түндүк Атлантикалык Келишимге кошулуусун жактырган документин Блинкенге тапшырды.

Столтенберг болсо темага байланыштуу: «Ушундайча Финляндияны НАТОнун 31-мүчөсү катары жарыялай алабыз»,-деди.

Финляндия Швеция менен бирге 2022-жылдын 18-майында НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берген.

НАТОнун 20 өлкөсү Финляндияны ратификациялоо процессин июлда, 4ү август айында жана 4ү сентябрда аяктаган. 27-мартта болсо Венгриянын парламенти Финляндиянын мүчөлүгүн бекитти.

30-мартта да Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (TBMM) тарабынан бекитилди.

Расмий процедура аяктагандан кийин Финляндия 2023-жылдын 4-апрелинде НАТОнун негизделгенинин 74 жылдыгында расмий түрдө альянска мүчө болду.



Тектеш кабарлар