АКШдагы куюн: 26 адам каза болду

Жетекчилер куюн жана катуу бороон-чапкындын кесепеттерин аныктоо иштерин улантууда.

1968757
АКШдагы куюн: 26 адам каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортоңку батыш жана түштүк штаттарына таасирин тийгизген куюндан каза болгондордун саны 26га жетти.

Улуттук метеорология кызматы; мурунку түндөн кечээ эртең мененкиге чейин 8 штатты камтыган кеңири аймакта, негизинен Арканзас, Миссисипи, Айова, Теннесси, Иллинойс жана Висконсин штаттарында 57ден ашуун куюн окуясынын катталганын билдирди.

Куюндан улам Теннессиде 9, Арканзаста 5, Индианада 3, Иллинойсто 4, Мемфисте 3, Миссисипиде 1 жана Алабамада 1 жалпысынан 26 адам каза болду.

Өлкөдөгү электр жарыгынын өчүрүлүшүнө көз салган "PowerOutage.US" сайтынын маалыматына караганда, бүгүн эртең мененден тарта 115 миңи Пенсильвания жана 37 миңи Вирджинияда болуп бороон-чапкындан жабыркаган аймактарда 150 миңден ашуун үйдүн жана ишканалардын дагы деле электр жарыгысыз экени айтылды.

Жетекчилер куюн жана катуу бороон-чапкындын кесепеттерин аныктоо иштерин улантууда.



Тектеш кабарлар