Сергей Лавров Түркияга келет

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, борбор шаар Москвада апталык маалымат жыйынында министр Лавровдун келерки жумадагы программасы тууралуу маалымат берди.

1967630
Сергей Лавров Түркияга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 6-7-апрелде Түркияга расмий сапар менен келе турганы кабарланды.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, борбор шаар Москвада өткөргөн апталык пресс-конференцияда министр Лавровдун келерки жумадагы программасы тууралуу маалымат берди.

Лавровдун тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу менен 6-7-апрелде Түркияга келерин белгилеген Захарова: «Жолугушууларда соода, энергетика жана туризм баш болгон эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана күтүүлөр менен бирге ар түрдүү маселелердин талкууланышы пландалууда»,-деди.

Жолугушууларда актуалдуу эл аралык маселелердин карала турганын маалымдаган Захарова Украина, Сирия жана Карабахтан тышкары Орто Азия жана Ооганстан боюнча да сүйлөшүүлөрдүн болоорун белгиледи.

Захарова ошондой эле Чавушоглу менен Лавровдун жолугушууларында ар түрдүү деңгээлде эки тараптуу жолугушуулардын өткөрүлүшү үчүн иш-аракеттердин уланып жатканын кошумчалады.



Тектеш кабарлар