Ляйен Кытай менен мамилени үзүүнүн Европанын кызыкчылыгына туура келбей турганын айтты

Фон дер Ляйен Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен келерки аптада Кытайга жасай турган  сапарынын алдында Европа Биримдиги  - Кытай мамилелери тууралуу маалымат берди.

1967674
Ляйен Кытай менен мамилени үзүүнүн Европанын кызыкчылыгына туура келбей турганын айтты

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдигинин Кытай менен мамилесинин бул өлкөнүн Украинадагы согушта Россияга колдоо көрсөтүп же көрсөтпөй тургандыгына байланыштуу экендигин,  бирок Кытай менен мамилени үзүүнүн Европанын кызыкчылыгына туура келбей турганын айтты.

Фон дер Ляйен Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен келерки аптада Кытайга жасай турган  сапарынын алдында Европа Биримдиги  - Кытай мамилелери тууралуу маалымат берди.

Кытайдын узак убакытка созулган жакырчылыктан кийин өнүгүү жолу менен дүйнөлүк аренага кайтып келгенин, Кытай менен Европанын мамилесинин татаалдашкандыгы, акыркы жылдарда кээ бир көйгөйлөрдүн болгонун эске салган Фон дер Ляйен  "Кытай менен болгон карым-катнаштарды тобокелге сала албай турганчалык маанилүү экенин" баса белгиледи.

Кытайдын БУУнун Копсуздук Кеңешине мүчө катары тынчтыкты жана БУУнун Конвенциясындагы принциптерди жана баалуулуктарды коргоо жоопкерчилиги бар экенин баса белгилеген Фон дер Ляйен, Украинадагы согуштун тынчтык менен аякташы үчүн Кытай сунуш кылган пландын Украинанын жеринин  бүтүндүгүн коргоосу, Россиянын аскерлерин чыгарышы керек экендигин билдирди.

"Кытайдын Россиянын президенти Владимир Путиндин согушуна кандай мамиле жасай турганы Европа Биримдиги - Кытай мамилелеринин жүрүшүн аныктоочу фактор болот",-  деди Фон дер Ляйен.

Фон дер Лейен Кытай менен мамилелерди сактоонун маанисине токтолуп : "Кытай менен мамилени үзүү Европанын кызыкчылыгына да туура келбейт. Биздин мамилелерибиз ак же кара эмес. Бул Кытайга бериле турган жооп да мындай болбош керек. Ошондуктан биз пикир келишпестикти эмес, тобокелчиликти азайтууга көңүл бурушубуз керек",- деп айтты.  



Тектеш кабарлар