Король III. Чарльз Германияда

Британиянын королу III. Чарльз Россия  - Украина согушунан улам Европанын коопсуздугу коркунучта экендигин айтты.

1967558
Король III. Чарльз Германияда

Британиянын королу III. Чарльз Россия  - Украина согушунан улам Европанын коопсуздугу коркунучта экендигин айтты.

Король III. Чарльз жубайы ханыша Камилла жана Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана жубайы Элке Бүденбендердин чакыруусу менен кечээ борбор шаар Берлинге барды.

 Бундестагга кайрылган  III. Чарльз  Россия - Украина согушуна токтолуп : "Европанын коопсуздугу коркунуч астында. Украинанын себепсиз оккупацияланышы көп сандаган адамга кыйынчылыктарды жаратты. Көптөгөн адам өмүрүнөн ажырады. Эркиндик жана адамзаттык ар-намыс ырайымсыз түрдө тебеленди. Европанын коопсуздугу,  демократиялык баалуулуктарыбыз менен бирге коркутулду",- деди.

Британиянын королу : "Брдикте баалуулуктарыбызга жана эркиндиктерибизге карата коркунучтарга каршы сергек болуп,  булар менен беттешүү чечкиндүүлүгүн көрсөтүүбүз керек. Элибиз ылайык болгон коопсуздук жана бейпилдик үчүн бирдикте аракет кылуубуз керек",- деди. 

Сөзүндө Британия   менен Германиянын достугуна да токтолгон король Чарльз : "Бул достук менин маркум ханыша апам үчүн чоң мааниге ээ болду. Германия,  эли жана  маданияты мага терең таасир калтырды. Германияга биринчи жолу 13 жашымда келгенден бери кереметтүү өлкөнүн жерлери менен таанышып чоңойдум. Көптөгөн британиялык сыятуу эле менин да бул жер менен жеке байланышым бар",- деди. 

Британиянын королу Король  III. Чарльз  дын Германия сапары үч күнгө созулат.

 



Тектеш кабарлар