Израиль авиакомпаниясы Түркияга каттамдарын баштады
Тель-Авивден 172 жүргүнчүсү менен абага көтөрүлгөн учак Стамбул аэропортуна конду.
1967545
Израилдин негизги авиакомпаниясы El Alдын суб-бренди Sun d'Or 16 жылдык арадан кийин Түркияга учууларын Тель-Авив-Стамбул каттамы менен кайра баштады.
Өлкөнүн авиакомпаниялары менен 16 жылдан кийин ишке ашырылган алгачкы каттамдын алкагында Тель-Авивден 172 жүргүнчүсү менен абага көтөрүлгөн учак Стамбул аэропортуна конду.
Израилдик авиакомпания 2007-жылы чыгымдардан улам Түркияга каттамдарын токтоткон болчу.