Францияда көзүнөн ажыраган жаш жигитке компенсация

23 жаштагы Амаду Н. аттуу жигиттин доосу боюнча Париж соту чечим чыгарды.

1967357
Францияда көзүнөн ажыраган жаш жигитке компенсация

Францияда сот, полициянын кийлигишүүсүнүн натыйжасында оң көзүнөн ажыраган жаш жигитке 15 миң евро компенсация төлөнүшү керек деген чечим чыгарды.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Мантес-ла-Жоли шаарында 2019-жылы француз полициясы тарабынан атылган желим октун кесепетинен оң көзүнөн ажыраган 23 жаштагы Амаду Н. аттуу жигиттин доосу боюнча Париж соту чечим чыгарды.

Сот француз мамлекетин Амаду Нга 15 миң евро компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

2019-жылы Мантес-ла-Жолиде болгон зомбулук учурунда Амаду Ннын оң көзүнө полиция аткан желим ок тийген. Амадунун оң көзүн көрбөй калган.

Полицияга каршы нааразылыкка катышкандыгы үчүн 6 ай 3 жылга эркинен ажыратылган Амаду Н 2020-жылы күнөөсүз деп табылган.



Тектеш кабарлар