Мексикадагы өрт: 39 адам каза болду

Мексиканын Улуттук миграция мекемесинде өрт чыкканы билдирилди.

1966532
Мексикадагы өрт: 39 адам каза болду

Мексикада АКШ чек арасына жакын аймактагы миграция борборунда чыккан өрттөн 39 киши каза болду.

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор пресс-конференцияда, Техас штатынын чек арасына жакын жердеги Сьюдад-Хуарес чек ара шаарындагы Мексиканын Улуттук миграция мекемесинде өрт чыкканын билдирди.

Обрадор өрткө "депортацияны күтүп жаткан качкындардын" себеп болгонун жүйө келтирип: «Наразычылык иретинде баш калкалоочу жайдын эшигине матрацтарды коюп, өрттөп жиберишкен жана мунун коркунучтуу трагедияга алып келерин ойлошкон эмес. Биздин оюбузча алар депортация болоорун билгендиктен ушундай кылышты»,-деди.

Улуттук миграция институтунун жазуу түрүндөгү маалыматында, кечээ түн жарымында башталган өрттө 39 кишинин каза болгону, 29 кишинин жаракат алганы кабарланды.

Билдирүүдө 4 ооруканада дарыланып жаткан жаракат алгандардын абалы оор экени айтылды.



Тектеш кабарлар